Өкмөт башчы Кочкордогу мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында маанилүү социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун аткарылышынын жүрүшү менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, алгач Кочкор айылында курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөр менен таанышты. Анда 200 батирдин курулушу пландаштырылган. Объектке электр жарыгы жана суу түтүктөрү кошулган, жакынкы аралыкта блокторду бетондоо иштери башталат.

Андан ары Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектепке автобус тапшыруу аземине катышты. Жапаров мектеп окуучуларынын, айрыкча мектептен 3 чакырым алыстыкта жайгашкан Тармал-Саз айылынан келген 30 окуучунун коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле Кочкор айылында Ишеналы Арабаев атындагы 500 орунга эсептелген орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Учурда мектептин пайдубалы бүткөрүлүп, биринчи кабатынын дубалын тургузуу иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан