Бишкекте 21 жаштагы айдоочу 60 жаштагы кишини өлтүрө сүзүп кетти 

Кечээ, 8-ноябрда Бишкекте 21 жаштагы айдоочу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден 60 жаштагы кишини өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 20:20 чамасында Медеров көчөсүндө болгон. Honda Stepwgn унаасынын 21 жаштагы айдоочусу жөө адамдар өтүүчү жерден басып бараткан кишини коюп кеткен. 60 жаштагы киши алган жаракатынан ошол жерде көз жумган.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан