Бүгүн, 9-ноябрда саат 08:06да Кыргызстандын аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кудук-Сай айылында 2 баллга чейин сезилген.
Ага ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.