Өлкө аймагында акыркы суткада 12 өрт кырсыгы катталды. Бул туурасында ӨКМдин билдирүүсүндө айтылат.
Ага ылайык, өрттү өчүрүүгө 18 күжүрмөн эсеп тартылды. Тилсиз жоо катталган аймактар:
- Бишкек шаарында – 1;
- Ош облусунда – 2;
- Чүй облусунда – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Ысык-Көл облусунда – 2;
- Нарын облусунда – 1;
- Талас облусунда – 2.
Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.