Жумгалда жоголгон ата-баланы 30дан ашык адам издеп жатат

Бүгүн, 11-ноябрда Жумгал районунун Өрнөк айылында дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштерине 33 адам тартылды.

ӨКМ билдиргендей, издөө иштери Кызыл-Коргон (Өрнөк) айылынын этегинен баштап аскер көпүрөсүнө чейин жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон.
Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан