Мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Бивол мурунку күйөөсүнүн кыргыз машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулуна акчалай белек беришине реакция жасады.
Мушкердин мурдагы жубайы акчалай белек тапшырылып жаткан видеону социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырып, "А балдаргачы? Муну кантип токтотсок болот?" деп жазды.
Дмитрий Бивол учурда Кыргызстанда. Ал буга чейин машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулуна акчалай сыйлык берген.