Чүйдүн Таш-Дөбө айылында таза суу чыгарылат

Чүй облусундагы Таш-Дөбө айылынын тургундары таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Суу ресурстары кызматына караштуу Ичүүчү сууну камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү мекемесинин жетекчиси Азамат Шадманов атайын жумушчу топ менен бирге Таш-Дөбө айылындагы таза суу чыгаруучу аймакты жеринен текшерип, тийиштүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, азыркы учурда жумушчу долбоор иштелип чыгып, тийиштүү документтер Аламүдүн районунун архитектура башкармалыгына тапшырылды.

Долбоорго ылайык, Таш-Дөбө айылында 2 скважина курулуп, ичүүчү суу түтүктөрү орнотулуп, жарандар таза суу менен толук камсыз болот. Каражат республикалык бюджеттен каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан