Кечээ, 10-ноябрда Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.
Андагы маалыматка караганда, 10-ноябрда саат 13:30 чамаларында Бишкек–Ош унаа жолунун 167-чакырымында Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, оор жүк ташуучу Вольво унаасы менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаадан эки жүргүнчү каза болуп, дагы эки жүргүнчүсү Жайыл райондук ооруканага "Тез жардам" унаасы менен жеткирилген.