Өлкө аймактарында 13-14-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
13-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, 14-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
15-16-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° градуска жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.