ИИМ: Абакта жаранды опузалаган шектүүлөр аныкталды

Абакта оор кылмышы үчүн узак мөөнөткө соттолгондор опузалоого шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жазасын өтөп жаткандар эркиндикке чыгып жаткан жарандан өзүнүн атына каттатуу жолу менен телефон сатып алып, өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Алар аны шантаж жана коркутуу менен аткарууга мажбурлашкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМ менен Жазалардын аткаруу кызматы иштин аркасынан түшүп, сатып алынган телефондор опузалагандардын биринин тууганына берилгенин аныктап, аны кармашкан. Шектүүнүн жанынан 2 телефон табылган.

"Бул телефондор алдамчылыкка байланыштуу кылмыш иштерин жасоодо, пландарды ишке ашырууда колдонулушу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан