Кызыл-Кыяда жасалма 100 доллар менен базардан кийим алган жаран чек арадан кармалды

Кызыл-Кыя шаарындагы базарга жасалма доллар көтөрүп келип, кийим сатып алганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 33 жаштагы З.Н. аттуу жаран жасалма 100 АКШ доллары менен “Таштемир ажы” базардан кийим сатып алып, изин жашырып кеткендиги боюнча маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү З.Н. аттуу жаранга издөө иши жарыяланган.

Милиция кызматкерлери шектүү жаранды Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө пунктунан кармашкан.

Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан