Ушул жылдын январь-октябрь айларында 47 576 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Соцфонддун маалыматында жазылат.
Анда маалымдалгандай, октябрь айында 2183 жаранга пенсия чектелген.
Андан тышкары эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 637 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 785 миңге жакын пенсионер бар.