Бишкек шаарынын Свердлов районунда 14 мектеп жана 14 бала бакча текшерилди. Бул туурасында мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, рейд балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тамак-аш азыктарынын ассортиментин, санитардык эрежелердин жана нормалардын сакталышын, ошондой эле өрт коопсуздугунун сакталышын текшерүү максатында уюштурулган.
Ага муниципалдык администрациянын кызматкерлери, Бишкек шаарынын МСЭКБ, билим берүү башкармалыгынын жана ӨКМдин адистери катышты.
Кошумчалангандай, балдардын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштурууда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык тамак-аш ченемдери колдонулат.