3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнүнө карата майыптуулугу бар таланттуулар арасында “Элдик кол өнөрчүлөр” аттуу кароо-сынак жарыяланат. бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 28-ноябрь саат 18:00 чейин каттоо жүргүзүлөт. 14дөн 40 жашка чейинки каалоочулар катышса болот.
Катышуучулар кол өнөрчүлүктүн каалаган багыты боюнча катыша алышат ( курак, токуу, саймачылык, асем буюмдар, зер буюмдар, жыгачтан жасалган буюмдар жана башка ушулар сыяктуу) ;
Белгиленгендей, кароо-сынак 29-ноябрь , ал эми сыйлоо аземи 3-декабрь күнү өткөрүлөт.
Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер, демөөрчүлөрдүн сыйлыктары жана маданият башкармалыгынын диплом, ыраазычылык баракчалары ыйгарыла тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Кеңири маалымат алуу үчүн: 0226 69 28 28