"500 миң сом жана 3 бөлмөлүү батир". Ташиев Ош шаарында 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө белектерин берди

Бүгүн, 11-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында ушул жылдын 7-мартында төрөлгөн 3 эмдин ата-энесине өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай сыйлык жана Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батир берди. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.

"Бул сыйлыктар сиздердин үй бүлөңүздөр үчүн колдоо катары берилип жатат. Балдарыңыздар менен мындан ары да бактылуу болуп, кыйналбастан жашаңыздар. Мындан ары дагы көнүл буруп, колдоо көрсөтүп турабыз. Сиздер уул-кыздарыңыздарды жакшылап тарбиялап, Мекен үчүн кызмат кыла турган, патриот, билимдүү, адеп-ахлактуу кылып өстүрөсүздөр деп ишенем"- деген Камчыбек Ташиев.

Белгиленгендей, 3 эмдин атасы Гүлжигит Каримов Жаза аткаруу кызматында иштейт, апасы Айсана Султанова үй кожойкеси. Алардын жалпы 7 баласы бар. 3 эмдин экөөсү уул, бири кыз. Шаарда кичинекей, жашоо шарты жок үйдө турушканы кошумчаланган.

Өз кезегинде алар берилген белектер үчүн өлкө башчысына жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан