Бишкек шаарында жаңы автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-ноябрдан тарта №19 муниципалдык автобус каттамы каттап баштады.
Ал "Ош базарынан" Бишкектин батыш тарабындагы Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына каттаган каттамдар үчүн убактылуу ачылган бекетке чейин барат.
Белгилей кетсек, убакылуу иштеп жаткан автобекетке чейин №13, 40 муниципалдык автобус каттамдары жана №258 кичи автобус дагы барат.