"Чачынан сүйрөп, коркуткан". Бишкекте мурдагы аялын кордогон жаран кармалды (видео)

Бишкек шаарында мурдагы аялына кол көтөрүп, коркуткан деген шек менен 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга аял киши кайрылган. Ал 11-ноябрь күнү саат 21:00дөр чамасында Тыналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн балдар аянтчасынан мурдагы күйөөсү күч колдонуп, чачынан сүйрөп, коркутканын айткан.

Бул факты боюнча шектүү делген 34 жаштагы жаран кармалып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесинин (Үй-бүлөлүк зомбулук) негизинде протокол түзүлгөн.

Райондук милиция кармалган жаран учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

12.11.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан