Бишкек шаарынын айрым конуштарында ичүүчү суу бир күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" ишканасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 14-ноябрда турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү суу саат 9:00дөн 17:00гө чейин токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
Энесай турак жай конушу;
Дордой-1 турак жай конушу;
Дордой-2 турак жай конушу.
Суунун өчүрүлүшү оңдоо иштерине байланыштуу экени маалым болду.