Унааны мас болуп айдагандардын жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда. Кандай жазалар каралган?

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өлкөдө мас абалында унаа айдаган жарандарга жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда башкармалыктын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда мас абалында унаа башкаргандар 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылса, сунушталып жаткан мыйзамда аны 2 жылга узартуу каралган. Эгерде мындай жорук экинчи ирет кайталана турган болсо, анда айдоочу күбөлүгүнөн 4 жылга ажыратылат жана унаасы убактылуу мамлекетке алынат.

Ошондой эле спирт ичимдигин ичкендигин аныктоо үчүн наркологияга баруудан баш тарткан айдоочу 2 жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Азыркы тапта баш тарткандарга 3 күндүк камакка алуу жазасы колдонулуп келет.

Мындан тышкары айдоочулук күбөлүк ала элек жатып мас боюнча унаа башкаргандар 3 күнгө эмес, эми 10 күнгө камакка алынат. Бирок бул жаза жаш курагы 60тан ашкан эркектерге, 55тен ашкан аялдарга, I, II топтогу майыптыгы бар адамдарга жана кош бойлууларга колдонулбайт. Аларды камакка алуунун ордуна 20 миң сом айыпка тартуу каралган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев мас абалында унаа башкаргандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна айып пул салууну демилгелеп, тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан