Нарында дарыяга секирген кыз: Издөө иши Ак-Талаада дагы жүрүүдө

Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы кызды издөө иштери уланат. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 10 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер, жалпы 30 адам издөөгө чыкты. Ага кошумча 5 дүрбү, 2 автоунаа тартылган.
Издөө иштерин биринчи топ Нарындагы Актал-Чат көпүрөсүнөн баштап Тоголок-Молдону көздөй суу жээги менен жүргүзөт. Экинчи топ Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагынан Жан-Булак айылын көздөй улантат.
Белгилей кетсек, Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына 2007-жылы туулган кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат 2-ноябрда түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери уланып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан