Бишкек шаарынын мэриясы унааларды эвакуациялоо ишин жүргүзүүгө укук алууну сунуштады. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому коомдук талкууга коюлду.
Документте Бишкекте күн сайын 400 миңге жакын унаа каттамга чыгарын, андыктан жол тыгындары көп болуп жатканы айтылат. Анда тыгынды пайда кылган себептердин бири катары жол четине иретсиз токтотулган унаалар экени белгиленип, аны тез эвакуациялоо үчүн мэриянын муниципалдык ишканасына укук берүү сунушталган.
"Бул токтом долбоорун кабыл алуу унаа ээлеринин укуктук аң-сезимин жана борбордогу паркинг маданиятын жогорулатууга, тыгындарды азайтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бюджетинин киреше бөлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп жазылат долбоордун негиздеме-маалыматында.
Ушул тапта туура эмес токтотулган унааларды эвакуациялоо иштерин бир гана Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аткарат.