Ысык-Көлдө 100 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды 

Бүгүн, 12-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 100 орундуу жаңы оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, капсула салуу аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова, аталган облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев катышкан.
Иш-чарада министр мамлекет жарандардын саламаттыгына кам көрүү жана ден оолугун чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгилеп өткөн.
Ошондой эле жаңы имаратын курууга республикалык бюджеттен 282 миллион сом бөлүнгөнү маалым болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан