Бүгүн, 12-ноябрда Баткен облусунда саат 13:34тө очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Ак-Чечек айылынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Жаңы-Жер айылынан 13 чакырым түндүк чыгышта, Баткен шаарынан 65 чакырым түндүк батышта жайгашкан. Ал эми калктуу конушта: Ак-Чечек айылында жер титирөө 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала берилген маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.