Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик тобунун активдүү мүчөсү кармалды

Бишкек "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул туурсында Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан мониторинг учурунда Фейсбук социалдык тармагынын "А" аккаунтунун баракчасына аталган экстремисттик уюмдун материалдары жүктөлгөндүгү аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Экстремисттик материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында экстремисттик тобунун активдүү мүчөсү болгон, мурда да ушундай кылмыш үчүн соттолгон 1980-жылы туулган шектүү М.Э. аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди.

Анын жашаган жерин тинтүү учурунда Калашников автоматынан 16 ок жана 8 резина октору, "Хизб ут-Тахрир Кыргызстан" деген жазуусу бар кагаздар жана экстремисттик китептер табылып, алынган. Алынган материалдар боюнча экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы боюнча "Курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси менен да кылмыш иши козголду.

Учурда кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда "Хизб ут-Тахрир" уюму экстремисттик деп табылып, тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан