Бүгүн, 12-ноябрда Талас шаарында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын кызматкерлери үчүн салынган спорт залын көрүп чыкты.
Маалымдалгандай, төрага залда түзүлгөн шарттар менен таанышып, ар бир кызматкер спорт менен жакын болуусу керектигин белгиледи.
Ошондой эле коопсуздук кызматкерлеринин дени сак жашоосу, алардын кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткаруусуна себепчи болорун кошумчалады.
Аталган имаратта волейбол, баскетбол аянтчасы жана кошумча машыгуу залы каралып, тийиштүү жабдуулар орнотулган.
Белгиленгендей, спорт залын курууга президенттик фонддон 50 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Курулуш иштери өткөн жылы башталып, быйыл май айында пайдаланууга берилген.
Иш сапарынын алкагында Камчыбек Ташиев Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадиондун абалы менен таанышкандыгы айтылган. Ал тийиштүү тараптарга стадионду толук кандуу реконструкциядан өткөрүү тапшырмасын берип, Талас шаарынын тургундары үчүн заманбап шарттарды түзүү талабын койду.
Белгиленгендей, стадион жалпы 2300 орунга ылайыкташкан жана түзүлгөн шарттардын эскилиги жеткен.