Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 12-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.
Маалыматка ылайык, бүгүн райондук сот аны кийинки жылдын 10-январына чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырган. Кубан Адыл уулу "Кылмышка даярдык көрүү", "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү", "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу", "Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо", "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренелери боюнча айыпталууда. Райондук сот ал кечээ, 11-ноябрда кармалганын кошумчалады.
Эске салсак, Кубан Адыл уулу башкы прокурордун орун басарлыгына 2021-жылы дайындалган. Быйыл апрель айынын аягында аны кызматтан бошотуу боюнча документке мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон. Андан бир нече күн мурун өлкө башчы ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушевге өзүнүн орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан алууну сунуштаган болчу.