Өлкө аймагында соңку суткада 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул туурасында ӨКМ тараткан ыкчам маалыматта айтылат.
Белгилүү болгондой, Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.
"Бишкек шаарында 5, Ош облусунда 4, Чүйдө 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарында 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы болду", - деп жазылат анда.