Үстүбүздөгү жылы август айында милиция кызматкерлери жаранды кармап жаткан учурда өлтүрүп алышкан. Аталган окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Анда Иван Сологубов аттуу жаранды бир нече милиция кызматкери жерге жыгып, бири үстүнөн, экинчиси моюн жагын буту менен басып кармоого аракет кылышканы көрүнөт.
Видеодон көргөндөй, кармалган адам дем жетпей жатканын айткан. Андан кийин ал кыймылсыз абалда калган. Бирок милиция кызматкерлери каза болгонун байкабай, колун жип менен байлашкан. Ал эми окуянын күбөлөрүнүн бири Иван Сологубовдун тамырын текшерип, "пульс жок го, байкелер, дем алып жатабы десем, ооба дебедиңер беле" деп сүйлөп жатканын угууга болот.
Бул окуя боюнча милиция быйыл 9-августта Бишкекте эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылып, андан кийин көчө жакка чуркап чыгып, өзүн жаман сезип, белгисиз себептерден улам каза болду деп маалымат тараткан.
Бирок маркумдун агасы милициянын айтканына ишенбей, калыс иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, УКМКга арыз менен кайрылган. Атайын кызмат бул ишти Биринчи май райондук прокуратурасына жөнөткөн.
Натыйжада прокуратура бул факт боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп, "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен айып таккан.