Гарвард университетинин профессору Жон Коттердин “Кырсык тооруган айсберг” (“Our Iceberg Is Melting”) китеби кыргыз тилине которулду. Бул боюнча "Китепстан" басма үйүнөн кабарлашты.
Ага ылайык, аталган чыгарманы Алтынай Токтоматова кыргызчалаган.
“Кырсык тооруган айсберг” тамсили Антарктикадагы император пингвиндердин ийгиликтүү өзгөрүү жараянын чагылдырат. Бул бестселлерде тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө олуттуу көйгөйдү көрө билүү, күчтүү калканыч табуу, багытты так аныктоо, өзгөрүүгө көнбөгөн кежирлердин тилин табуу жана башка алга сүрөгөн бардык кадамдар айтылган", - деп билдиришти мекемеден.
Китептин автору Жон Коттер – менежмент жана лидерлик багыт боюнча адис. Бир нече белгилүү эмгектердин автору. Ал “Кырсык тооруган айсберг” китебин Холгер Ратгебер менен биргеликте жазган.