Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Орусиянын "Достук" ордени менен сыйланды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Ага ылайык, тиешелүү тескемеге Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон.
Сыйлоо аземи КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлери кеңешинин жыйынында орун алды. Министрге сыйлыкты Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов тапшырган.