Нарында дарыядан секирип кеткен кызды издөөгө 27 адам тартылды

Нарын дарыясына Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан кызды издөөгө бүгүн 27 адам чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, издөөгө Нарын шаардык №16 ӨКБдан 11 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылды.

"Куткаруучулар Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагынан баштап Жаң-Булак айылын көздөй жана Актал-Чат көпүрөсүнөн Тоголок Молдо тилкесине чейин издөө иштерин жүргүзүшөт", - дем айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2-ноябрда Нарын дарыясына көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу 17 жаштагы кыз секирген. Кызды издөө иштери ошол күндөн бери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан