Камчыбек Ташиев Талас–Тараз унаа жолун 2 жылда куруп бүтүрүүнү тапшырды (видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Талас облусуна жасаган иш сапарында Талас–Тараз унаа жолун оңдоо иштерин тапшырды.

Ташиевдин айтымында, Чоң-Капкага кеткен жол 1 жылда, Талас–Тараз жолу 2 жылда толук курулуп бүтүшү керек.

"Суусамыр–Талас–Тараз жолу 15 жыл мурун башталып, бүтпөй келет. Ошол Суусамырдан Таласка келгиче эле 10 жылдан ашык жолду оңдоо иштери болду. Жылда аз-аздан жасайт, ал жери кайра бузулуп кетет. Ушинтип отуруп Таласка зорго жеттик. Эми Таластан Таразга чейин жеткиришибиз керек. Ошондуктан президент тапшырманы койду, 2 жылда Талас–Тараз жолу сонун болуп бүтүшү керек", - деди Ташиев.

Ташиев Талас-Тараз унаа жолун 2 жылда куруп бүтүрүүнү тапшырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан