Ысык-Көлдө 250 миллиондон ашык сомду түзгөн мурдагы Электр-техникалык заводдун имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда УКМКдан билдиришти.
Маалымдалгандай, УКМК Каракол шаарында жайгашкан, жалпы пайдалуу аянты 4640,07 чарчы метр, ал эми жанаша жайгашкан 9970,90 чарчы метр жер тилкеси менен наркы 252 миллион 407 миң сом болгон мурдагы Электр-техникалык заводунун имараты мамлекеттин менчигине кайтарды.
"УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда", - деп айтылат маалыматта.