Бүгүн, 13-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Бул тууралуу маалыматты Транспорт министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунда, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында жол ачык.
Ошондой эле министрлик жолдордо инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатканын билдирди.
"Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алуу зарыл", - деп билдирди аталган мекеме.