"Асман көктө чалкыган, жериң сонун, Ала-Тоо". Карга чулганган Кара-Кой жайлоосу

Кыргызстандын жаратылышы ар мезгилде кооз. Учурда күздүн акыркы айы өкүм сүрүп, айланадагы кооздук баарыбызды кубандырууда. Түрдүү түскө боёлгон бак-дарактар жакшы эмоция тартуулап жаткан кези. Мындайда таланттуу инсандарга эргүү келип, жакшы чыгармалар жаралары да турган кеп.

А бизге жаратылыштын кооздугуна суктанып, жан дүйнөбүздү тынчтандырууга жакшы мүмкүнчүлүк жаралып турат.

Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан Кара-Кой эс алуу жайында эс алуучулардын саны өзгөчө жайында арбын. Бирок күз-кыш мезгилинде барып табигатка суктангандар бар.

Жайлоо Ош шаарынан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анын жалпы аянты 11 872 гектарды түзүп, 5 айыл аймактын жайыт жерлери менен чектешкен. Мында кара кийик (доңуз), карышкыр, түлкү, кашкулак, кийик, коён сыяктуу жапайы жаныбарлар бар.

Эс алуу жайынын так ортосунан мөңгү суусу агып түшөт. Жапайы жаныбарларды атууга жана бак-дарактарды кыюуга тыюу салынган.

Азыркы мезгилде Кара-Кой жайлоосу өзгөчө сулуулукка бөлөнүп турат. Мындагы жомоктогудай кооздукту фотограф Белек Мусаевдин көзү менен көрүңүз.

Кара-Кой жайлоосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан