Белгисиз жигиттен токмоктолгон кыз: Милиция шектүү изделип жатканын билдирди

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы жолдон өтүп бара жаткан кызды ур-токмокко алган белгисиз жаран изделип жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ал эми жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

"Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кылмышкерди табуу жана кармоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле райондук милиция бул иш жетекчиликтин көзөмөлүнө алынганын кошумчалады.

Буга чейин кечээ, 12-ноябрда социалдык тармактарда белгисиз жигит көчөдөн өтүп бара жаткан кызды урганын тартылган видео тарган болчу. Жабырлануучунун байкеси SUPER.KG порталына окуя 1-ноябрга караган түнү болгонун, ишти милиция жакшы карабай жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан