15 жаштагы Айбийкенин операциясына 11 миң доллар каражат керек. Апасы кайрымдуу элден жардам сурайт

15 жаштагы Айбийке Молдубаеванын бөйрөгүнө тез арада операция жасоо керек. Бул тууралуу Айзада Маманазарова кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн кыргыз элинен жардам сурап кайрылды.

Апысынын айтымында, Айбийкеге 3-даражадагы гидронефроз диагнозу коюлган.

"Урматтуу кыргыз элим, кызым Айбийке Молдубаева 2009-жылы 15-февралда жарык дүйнөгө келген. Анын бөйрөгүнө Түркиядан операция жасатканга каражат керек. Өзүбүз 12 миң доллардай чогулттук. Дагы 11 миң доллардай каражат жетпей жатат. Колуңуздардан келген жардамыңыздарды күтөбүз", - деп кайрылды Айзада Маманазарова.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Мбанк: 996703 300 592;

Сбербанк: +797797798₽;

Тинькофф: +79779779867;

VISA: 41774901960156.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан