Кар, жамгыр жаайт. Эртеңки күнгө карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 14-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлөт.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында түнкүсүн кар, ал эми Баткен Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт. Күндүзү жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 ... -5, күндүз 0 ... +5,

Талас облусунда түнкүсүн -1 ... -6, күндүз 0 ... +5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1 ... +3, күндүз +6 ... +8,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4 ... -6, күндүз +3 ... +5,

Нарын облусунда түнкүсүн -3 ... -5, күндүз 0 ... +2,

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1 ... -3, күндүз +1 ... +3 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан