Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу биринчи айым Айгүл Жапарованын атын жамынган шылуундардан сак болууга чакырды.
Анын айтымында, Айгүл Жапарованын атын жамынып кызмат убада кылып жаткандар пайда болгон.
"Айгүл Жапарованын атын жамынып, ар кыл мамлекеттик кызматка коёбуз деп акча талап кылган учурлар катталып жатканы тууралуу маалыматтар болууда. Ушуга байланыштуу жарандарды мындай шылуундардын торуна түшүп калбагыла деп эскертебиз. Айгүл Жапарова мамлекеттик же муниципалдык кызматтарга, же жеке компаниялардагы кызматтарга дайындоо үчүн эч кимге тапшырма бербейт. Эгерде ушундай маанидеги убадалар менен кайрылышса, анда бул шылуундар деп билиңиздер", - деп жазган Алагөзов.