Ушул жылдын 18-декабрынан баштап Бишкек-Москва жүргүнчүлөрдү ташуу поезд каттамы жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мекемеси кабарлап, билеттин баалары менен бөлүштү.
Кабарга ылайык, каттам Москва шаарынын Павелецкий вокзалына келет.
Бишкектен шаршемби жана ишемби күндөрү чыгып, ишемби жана шейшемби күндөрү Москвага барат. Москвадан жекшемби жана шаршемби күндөрү каттайт.
Билеттердин баасы «Кыргыз темир жолу» мекемесинин кассаларында сатылат. Ал поезд жөнөгөнгө чейин билеттерди сатуу мөөнөтүнө, жүргүнчүнүн жашына, вагондордун категориясына, каттоо түрүнө жана акча алмаштыруу курсуна байланыштуу болот:
Бишкек-Москва каттамы:
Бишкек-Казань каттамы:
Бишкек-Новосибирск каттамы:
Толгураак маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге 24 саат бою кайрылса болот: - мобилдик тел.: 0705 076696 WhatsApp - стационардык тел.: (0312) 30-02-09; 30-03-76.