Эмгек министрлиги мигранттардын 40 миллион сомун алууга жардам берди

Ушул жылда Эмгек министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү Орусияда 573 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акысын алууга жардам берген.

Ведомство берген маалыматка ылайык, төлөмдөрдүн жалпы суммасы 40 330 000 рублду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 19 миллион рублга көп.

Мындан тышкары өкүлчүлүк тарабынан Кыргызстандын 9 жаранына өндүрүштүк жаракат алганына байланыштуу иш берүүчүлөрдөн компенсацияларды өндүрүү боюнча көмөк көрсөтүлдү. Келтирилген зыяндын суммасы 5 миллион рублдан ашты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 74 пайызга көп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан