“Miss International” сынагында кыргыз кызы улуттук кийим боюнча Топ-10дун катарына кирди 

Дүйнөдөгү төрт негизги эл аралык сулуулар сынагынын бири болгон “Miss International” сынагында Кыргызстандын атынан барган Айпери Нурбекова улуттук кийим боюнча Топ-10дукка кирди. Бул тууралуу аталган сынактын уюштуруучулары билдирди.

Андагы маалыматка караганда, Кыргызстандан барган сулуу "Мыкты улуттук кийим - Miss International-2024" наамында Топ-10дун катарына кошулган.

Конкурска 72 өлкөдөн барган бийкечтер өздөрүнүн улуттук кийимдерин көрсөтүшкөн. Анда Кыргызстандан барган Айпери Нурбекова ак улуттук көйнөк менен чыккан.

"Бул эми биринчи орун эмес, бирок биздин өлкөнүн туусу, аты Токиодо жаңырды. Анан дагы улттук кийим боюнча Топ-10дун катарына кирдик. Мен аябай кубанычтамын", - деп билдирүү калтырган Айпери Нурбекова Инстаграм баракчасында.

Белгилей кетсек, Miss International” сынагын Вьетнамдын 22 жаштагы катышуучусу Хюинь Тхи Тхань Тхюи жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан