Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Караколдо зордуктоого кабылган кыздан кабар алды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Караколдун эли менен жолугушту. Анда билим берүү, жер жана башка укуктары бузулуп жаткан адамдардын меселелери талкууланды. Жолугушууга 300дөн ашуун эл келди. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууга облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышты.

Жолугушууга келген аксакалдардын бири 90-жылдары мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген жер участогун тартып алгандыгын айткан. Ошондой эле ал кайрылбаган жери калбагандыгын айтып, мындай чечим агасынын чуулгандуу ишине байланыштуу экенин кошумчалаган. Ал эми акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды аксакалдын ишин көзөмөлгө алууга чакырды.

Мындан тышкары акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине майыптыгы бар балдары жалпы билим берүүчү мектептен билим алуусуна башка окуучулардын ата-энелери каршы болуп жатканын айткан аялдын кайрылуусун тез арада кароону тапшырды.

Ошону менен катар эле, шаар тургуну Сурия Матниязова 26 жыл мурда жеке менчик үйүн Каракол мериясы алып коюп, ошондон бери соттошуп жүргөнүн билдирди.

Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдар Акыйкатчы институтунун кайрылуусунан кийин, Матниязованын маселесин чечүүгө бардык чараларды көрүп жатканын белгиледи. Анда облустун прокурору Матниязованын көйгөйү оң жакка чечилгенин билдирди.

Ага ылайык, 1997-жылы Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттин муктаждыгына деп анын жер тилкесин турак үйү менен муниципалдык менчиктин карамагына алып, ордуна мэрия ага батир берген.

Бирок кийинчерээк менчиктештирүүнү негиз кылып, аталган батирди талашкан башка адамдар пайда болгон. Аял ошол убакыттан тартып 26 жылдан бери соттошуп келет. 2008-жылы сот Матниязованы бул батирден чыгаруу чечимин кабыл алып, бирок мэрияны Каракол шаарынан аны турак жай менен камсыз кылууну милдеттендирген. Ага карабастан ушул кезге чейин соттун чечими аткарылбай келет.

Жолугушууда жалпысынан 32 кайрылуу болуп, анан ичинен 23 жазуу түрүндө кайрылуу түштү.

Эл менен жолугушуудан кийин акыйкатчы зордуктоого кабылган 9 жашар кыздан жана анын ата-энесинен кабар алды.

Азыркы учурда кыз коопсуз жерде, ата-энесинин камкордугунда. Ага зарыл болгон адистер жардамдарын көрсөтүүдө. Бирок кызга узак мөөнөттүү реаблитация талап кылынат.

Кыздын апасы акыйкатчыдан алардын укуктарын коргоп берүүсүн суранды. Анын айтымында, эки эркек кызын 2021-жылдын декабрь айынан тарта зордуктап келишкен. Алар кармалышкан.

Кызыма бычак такап, күч менен эски үйгө сүйрөп барып зордуктап келишкен. Бирөө-жарымга айтса өлтүрүп коёбуз деп коркутушкан. Ушундай зөөкүрлөр ар кандай шылтоо издеп, жазадан качууга аракеттенип жатышат”, - деп ыйлады кыздын апасы.

Акыйкатчы өзгөчө тынчсыздануу менен тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан