Социалдык тармактарда белгисиз жигит көчөдөн өтүп бара жаткан кызды ур-токмокко алган, окуя видео байкоого түшүп калган. Бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы жолдон өтүп бара жаткан кызды сабаган белгисиз жаран изделип жатканын билдирди.
Ал эми жабырлануучунун агасы SUPER.KG порталынынын Ютуб каналына маек берип, кыздын абалын айтып берди. Агасынын айтымына караганда, жабырлануучунун мурду сынып, оозу айрылып кеткен.
Толугу менен SUPER.KG порталынынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.