Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камактан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 13-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.
Маалыматка ылайык, 11-ноябрда райондук сот УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канаатандырып, аны эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.
Белгилей кетсек, УКМК Матраимов март айында Азербайжандын борбору Баку шаарынан кармалганын маалымдап, өлкөгө алып келген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу", "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо" жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен айыпталып келет.