"Бензинди төгүп". Бишкекте мыйзамсыз бензин саткандардын 1 тонна бензини алынды

Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз бензин саткандар аныкталып, алардын 1 тонна бензини алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

"Күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу менен алектенген жети адамдан 1 тонна 300 литр бензин алынган. Мыйзам бузуучулардын бири экологиялык эрежелерди бузуп, күйүүчү майды төгүп салган.
Башаламан кылган соодагерлерге бир нече ирет мыйзамсыз соода жүргүзүүнү токтотуу боюнча бирдиремелер таратылган. Ага карабастан мыйзамсыз иш-аракеттерди улантышууда", - деп билдиришти мэриядан.

Күйүүчү майдын расмий эмес соодасы олуттуу тобокелчиликтерди жаратышы мүмкүн, анткени мындай товарлардын сапаты жана анын келип чыгышы көп учурда белгисиз бойдон калып жатканын мэрия кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан