Шопоков шаарындагы Биринчи май көчөсүндө жайгашкан темирди кайра иштетүүчү ишканадан өрт чыкты. Маалыматты ӨКМден тастыкташты.
Маалым болгондой, өрт саат 13:58де чектөөгө алынып, 15:35те толук өчүрүлдү.
Алдын ала маалыматка ылайык, ишкананын темир эритүүчү казаны жарылып, анын тегерегиндеги таштандылар күйгөн.
Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.