Бишкек шаарында массалык мушташ уюштурууга шектелип чет өлкөлүк жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-ноябрь күнү шаардык милицияга Чүй кең көчөсүндө чет элдиктер мушташып жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 21, 22 жана 20 жаштагы чет мамлекеттин жарандары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.