Ала-Буканын автобекетин мыйзамсыз менчикке берип жиберген бир катар мурунку кызматкерлер кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 1,20 гектар жер тилке мамлекеттин менчигинен мыйзамсыз чыгарылганы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган жер пландоо долбоору боюнча социалдык имараттарды курууга арналган жана ал жерде автобекеттин имараты жайгашкан. Бирок 2004-жылдан баштап, бир нече жыл аралыгында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн айрым жооптуу кызматкерлери райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтын мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарышкан. Аны менен бирге автобекеттин эки кабаттуу имараты мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кетип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада Ала-Бука айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчилери жана аталган райондун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын мурдагы кызматкерлери кармалышкан.

ИИМ кылмыш иши боюнча жалпы 5 жаран кармалып, алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кошумчалады.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан