
Бүгүн, 13-ноябрда Бишкектеги мамлекеттик менчикке өткөн Орто-Сай базарынын аймагында ыңгайлуу шарттарды түзүү маселеси мэрияда талкууланды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жыйында Октябрь акимчилигине жана «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына базардын аймагын көрктөндүрүүнү иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин камсыздоо жана мыйзамсыз токтотулган унааларга чара көрүү маселесин биргеликте кароо сунушталды.
"Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына базардын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо, ал эми муниципалдык инспекцияга Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен биргеликте антисанитардык абал жана стихиялуу соода боюнча комиссиялык рейддерди уюштуруу пландалды. Тийиштүү кызматтарга суу агып кетүүчү түйүндөр жана торчолорду орнотуу менен асфальттоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.